КЫРГЫЗСТАНДАГЫ
БИРИНЧИ
МИБ TIER III*

Маалыматты иштеп чыгуу борборлорун (МИБ) долбоорлоо жана түзүү жаатындагы технологиялар жана дүйнөлүк тренддер менен катарлаш өнүгүүдөбүз.

*Кубаттуулугу 500 кВт ашык болгон коммерциялык IT Маалыматты иштеп чыгуу борбору

Ишенимдүүлүк – бул биз жөнүндө

Биз, Дататайм компаниясы, санарип экономиканын чакырыктарын кабыл алып, биротоло бүтүрүү менен ишенимдүү МИБ инфраструктурасын түзүүгө мүмкүндүк берген чечимдерди ишке ашырабыз.

Биздин жамаатыбызда Россиянын ири МИБдерин түзүүгө катышкан тажрыйбалуу инженерлер жана куруучулар иштешет. Биз экспертизабызды дүйнөлүк тренддерге карап өнүктүрөбүз.

data center kg

· Биз жөнүндө ·

Эмнелерди сунуштай алабыз

Техникалык колдоо

  1. 24/7 колдоо
  2. Тутумдарга мониторинг
  3. Жабдууларга аралыктан жетүү мүмкүндүгү (IP-KVM)

Маалыматты коопсуздугу

  1. Видеокөзөмөл жана коргоо тутумдары
  2. Жетки алууну көзөмөлдөө тутуму
  3. Кол салууну билдиргичтер жана сигнализация

Муздатуу тутуму

  1. Температураны жана нымдуулукту көзөмөлдөө
  2. Резервдөө N+1
  3. Ротация жана ишти токтотпостон тутумду оңдоо мүмкүнчүлүгү

Электр кубаттоо

  1. 6 кВ тараптагы эки шаардык жогорку вольттуу көмөкчордондон электр кубатоо
  2. Эки дизелдик генератор: ар бири 1МВт болгон жумушчу жана резервдик, 12 саат иштөө үчүн күйүүчү майдын запасы менен
  3. 10 мүнөт автономдуу иштөө үчүн 800кВА кубаттуулуктагы аккумуляторлор менен үзгүлтүксүз кубаттоо булактары

Акысыз консультация алыңыз

Акысыз консультация алуу үчүн форманы толтуруңуз

МИБ DATATIME кандай маселелерди чечет?

01

Ижарага серверлерди жана жабдууларды жайгаштыруу

02

Бөлүнгөн серверлерди ижарага алуу

03

Ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээли, үзгүлтүксүз мониторинг жана колдоо

04

Резервдик аянтча катары колдонуу, өтө маанилүү маалыматтарды сактоо

· Багыттар ·

Биздин багыттар

Долбоорлоо

ТТ иштеп чыгуу, эскиздик долбоор, аянтчаны текшерүү

Куруу

Долбоорлорду башкаруу, башкы жалдамачынын функциялары

Коштоо

Эксплуатациялоо кызматын түзүү, сервис жана инженердик тутумдарды техникалык тейлөө

· Сандар ·

Сандарыбыз

0+

Генератор 1МВт

0+

Түркүк

0+

Кондиционер 455 кВт

0+

UPS 800 кВа

· Тарифтер ·

Биздин Дата борборубузга жабдууларды жайгаштырууга

24/7 байланышта
Дүйнөлүк эксперттер

Сервердик түркүктөн 1 юнитти ижарага алуу

$ 39 / Айына
$ 444 / Жыл
Төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Бир бирдик жабдууга 300 Вт чейин электр кубаты
  • 2 электр розеткасы
  • МИБге күнү-түнү жетки алуу
  • 24/7 техникалык колдоо


1 түркүктү ижарага алуу

$ 1000 / Айына
$ 11400 / Жыл
Төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Түркүккө 5кВт электр кубаты
  • 60 электр розеткасы
  • МИБге күнү-түнү жетки алуу
  • 24/7 техникалык колдоо
дата центр контакты

Суроолор калдыбы?

· Суроолор жана жооптор ·

Суроолоруңузга жооп беребиз

Электр кубатынын же байланыштын үзгүлтүккө учурашы көйгөй гана жаратпастан, материалдык чыгымдарга жана репутациялык жоготууларга алып келгенде — мына ошондо убакыт келгенин билесиз. Ашыкча чыгымдарга жана жоготууларга жеткирбей, тобокелдиктерди алдын ала эсептеп чыкканыңыз дурус. Бул жагдайда долбооруна ылайыктап тандап алган жабдуулары менен иштеген бизнес эң утуштуу абалда болот. Ага жаңы серверлерди жана коммутациялык жабдууларды сатып алуунун кереги жок, болгону керектүү конфигурациядагы түркүктөрдү тандап алып, МИБге көчүп келүүсү керек.

Кызматты тандап, өтүнмө жибериңиз. Сизге жеке менеджер чалып, бардык суроолоруңузга жооп берет жана келишим түзүү тартиби жөнүндө айтып берет.

Биз күнү-түнү, дем алыш күндөрсүз иштейбиз.
Datatime компаниясынын ишенимдүүлүк деңгээли — Tier III. Бул жылына сервистин жалпы жеткиликтүүлүгүнүн 99, 98%ы, N+1 схемасы боюнча өтө маанилүү инженердик тутумдардын курамбөлүктөрүн резервдөө, электр кубатын бөлүштүрүү жана муздаткыч суюктукту берүү жолдорун кайталоо, имаратты өрт өчүргүч жана физикалык коопсуздук тутумдары менен жабдуу.
Серверлердин ээси же анын инженерлери colocation'деги жабдууларга жолбермеге ээ: тизме түзүлүп, ага ылайык МИБ кардардын кызматкерлерине залда иштөөгө уруксат берет. Ошондой эле, эгерде зарыл болсо, Техникалык колдоо кызматына сурам жиберүү аркылуу SmartHands сервисин ишке тарта алабыз. Мындай форматта кардардын кайрылуусу боюнча МИБдин инженерлери серверлерди кайрадан жүргүзүп, коммутация иштерин аткарып же визуалдык аудит жүргүзө алышат.

Аптайм — бул дата борбору иштеп жаткан жана колдонууга жеткиликтүү болгон убакыттын пайызы. Көпчүлүк дата борборлору 99,9% жана андан жогору аптайм камсыз кылууга умтулушат.