Компания ДАТАТАЙМ өз кардарларына жогорку деңгээлдеги ишенимдүү Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун (МИБ) сапаттуу жана тез долбоорлоп жана куруу гана эмес, ошондой эле МИБди эксплуатациялоо боюнча ишенимдүү кызматтарды сунуштайт.
Биздин команда абалды мониторингдөө, ысык алмаштыруу, профилактикалык техникалык тейлөө жана энергетикалык жабдууларды, муздатуу жана байланыш жабдууларын, ошондой эле сервердик жабдууларды оңдоо иштерин жүргүзөт.
Кардарларыбызды колдоо суткасына 24 саат, жумага 7 күн режиминде уюштурулган, бул келишимде сунушталган кызматтын деңгээлин SLA 99,98 деп белгилөөгө мүмкүндүк берет. Биздин команданын карамагында заманбап диагностикалык жабдуулар, тез ысык алмаштыруу үчүн керектүү запастар, убакыт сынынан өткөн типтүү тейлөө жана штаттан тышкаркы кырдаалдарга жооп берүү эрежелери жана стандарттары бар.
Дататайм компаниясы өз кызматкерлеринин билимин текшерүүгө жана окутууга өзгөчө көңүл бурат. Бардык инженердик жана электротехникалык персонал 1000 вольттон жогору чыңалуудагы жабдууларда иштөө укугу менен электр коопсуздугу боюнча топторго ээ. Электр энергиясын же байланышты өчүрүү учурунда аракеттерди жүргүзүү боюнча үзгүлтүксүз машыгуулар, МИБде колдонулган үзгүлтүксүз электр менен жабдуу, муздатуу, өрттөн жана уруксатсыз кирүүдөн коргоонун көмөкчү системалары боюнча техникалык база боюнча билимдерди текшерүү иштери жүргүзүлөт.
Бул мамиле бизге ишенимдүү түрдө төмөнкүлөрдү айтууга мүмкүндүк берет: Дататаймды тандасаңыз, ишенимдүүлүк, жогорку коргоо, кызматтарга күнү-түнү жеткилик жана сиздин тапшырмаларыңызды тез аткаруу менен ылдам байланыш ала аласыз.
Биздин кардарлардын катарына кошулуңуз жана биздин кызматтардын сапатына ынанасыз.