Ачылышы Datatime МИБ Бишкекте.

10 жана 11-июнда Бишкектеги биздин жаңы Маалыматты иштеп чыгуу борборубуз (МИБ) “Дататаймдын” салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чара көптөгөн конокторду чогултту. Ачылыштын алкагында расмий бөлүк жана МИБди салтанаттуу ишке киргизүү аземи болду. Коноктор үчүн бардык бөлмөлөр боюнча экскурсиялар уюштурулуп, алар борборубузда колдонулган алдыңкы технологиялар жана жабдуулар менен тааныша алышты.

МИБ “Дататайм” Tier 3 стандарттарына жооп берет жана биздин кардарларыбыздын жабдууларын жайгаштыруу үчүн ишенимдүү жана коопсуз чечимдерди сунуштоого даяр.